“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Ак-Талаа статистикасы: санариптик доорго кадам

24 Май 2026 жыл 8:09
Көрүүлөрдүн саны: 12

КРнын Улуттук статистикасы 1926-жылы уюшулган болсо, Ак-Талаа райондук статистика бөлүмү 1939-жылы ноябрь айында “Эл чарбасынын эсеп башкармасы” болуп түзүлгөн. Ошол жылдан баштап статистика бөлүмү райондун аймагында жайгашкан мекеме- ишканалардын, колхоз, совхоздордун так учетун алуу менен, өз убагында анализ жасоо, жанга, малга каттоо жүргүзүү иштерин аткарууну камсыз кыла баштаган. Айрыкча статистика ишинин райондун аймагында чыныгы өнүгүүсү 1971-жылы башталган. Бүгүн дал ушул калк жана экономика боюнча маалыматтарды чогултуу ишин жүргүзүп келе жаткан Ак-Талаа райондук статистика бөлүмүнүн иши тууралуу маалымат беребиз.
Аталган бөлүмдүн жетекчиси Алынбек Андашов статистика тармагында бир топ жаңылануу болгонун, бөлүмдүн имараты ондоп-түзөөдөн өткөрүлүп, кызматкерлердин иштөөсү үчүн толук шарттар түзүлгөнүн айтты.


“Азыр мекемеде 6 адис эмгектенсе, бардыгы оргтехникалар менен камсыз  болгон жана интернет түйүнүнө туташтырылган. Мындан сырткары ар бир айыл өкмөттө бирден статист эконмист бар, алар  келишим менен иштешет. Эң чоң өзгөрүү катары-2026-жылдан баштап статистикалык отчеттор электрондук форматка өткөрүлүп, учурда сыноодон өтүп жатканын белгилей алам.
39 мекеме-ишкананын бухгалтерлерине жана 9 жеке ишкерге логин, пароль берилип, келишимдер түзүлдү. Сынактан толук өткөрүлүп бүтсө , ар бир отчетко тиешелүү респонденттер өздөрү мекемеге келип отчет тапшырбастан, аралыктан тапшыруу мүмкүнчүлүктөрү бар. Ошол эле учурда айрым отчеттор электрондук форматта бериле баштады”-деди ал.
Экономист, математик жана IT адистигине ээ жарандар статист болуп иштей алышат.
Учурда жаштар арасында статистика тармагына кызыгуу бар, бирок адистердин кесипкөй болушу үчүн жогорку окуу жайларда статист кесибине даярдоо үчүн атайын бөлүмдөр ачылса жакшы болот деп эле деп кошумчалады А.Андашов.

Эске салсак, Улуттук статистика комитети быйыл 100 жылдык мааракесин белгиледи.

Барчын Мамытбекова