“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада 70гектар аянтка көчөт тигилди

24 Май 2026 жыл 7:42
Көрүүлөрдүн саны: 119

Ак_талаа районунда “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында райондун 90 жылдык мааракесине карата Баетов айыл аймагына караштуу Кара-Суу чөлкөмүнүн Төө-Төшү тилкесиндеги 70 гектар аянтка карагай көчөттөрү отургузулду.
Иш-чарага Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Мирлан Камчыбеков катышып, бул демилге келечек муун үчүн жасалып жаткан маанилүү иш экенин белгиледи.
“Бизге ата-бабаларыбыз мурас кылып калтырган жерди кийинки муунга жашыл, көрктүү абалда өткөрүп берүү — ар бирибиздин милдетибиз”, -деди район жетекчиси.
Ак-Талаа токой чарбасынын башчысы Рысбек Каналиевдин маалыматына ылайык, көчөттөрдү отургузуу үчүн алгач 45 миң чуңкурча казылып, жалпы 182 миң түп Тянь-Шань карагайы отургузулат. Ошондой эле көчөттөрдүн айланасы толугу менен тосммолонот деп билдирди.
Ири масштабдуу иш чарага райондогу мекеме-ишкана кызматкерлери, жергиликтүү жетекчилер жана жаштар жигердүү атышты.

Барчын Мамытбекова