“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акылзат Токтобекова республикалык сынакта 2-орунга татыды

24 Май 2026 жыл 7:56
Көрүүлөрдүн саны: 8

Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык билим берүү мектебинин 10-классынын окуучусу Акылзат Токтобекова «Мен Кыргызстандык экениме» сыймыктанам аттуу сынактын республикалык турунда 2-орунду жеңип алды.

Атасы Сатар Каленовдун айтымында Акылзат бий жанры боюнча 22 катышуучунун арасынан өз талантын тартуулап,  байгелүү орунга татыктуу болду.  Сынактын алгачкы туру алгач райондо, андан соң облуста өтүп, калыстардын алдыңкы баасына татыган.

Бул сынак бир нече жылдан бери “Балажан” республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору тарабынан өсүп келе жаткан муунду мекенчилдикке тарбиялоо, улуттук баалуулуктарды, каада-салтты, тарыхты жана маданиятты даңазалоо, ошондой эле жаш таланттарды өз өнөрлөрү аркылуу колдоо максатында уюштурулуп келет.

Барчын Мамытбекова