“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада темир жол куруучулары айылга жардам көрсөттү

26 Май 2026 жыл 18:20
Көрүүлөрдүн саны: 12

Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагына караштуу Чолок-Кайың айылында  Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол курулушунда эмгектенип жаткан экинчи базанын жамааты айылдын ички көчөлөрүн оңдоого көмөк көрсөтүштү.

Аталган айыл өкмөттүн социалдык экономикалык бөлүмүнүн башчысы Айнура Медетованын маалыматына караганда демилгенин негизинде айыл ичиндеги 1,5 чакырым жолго  шагыл төгүлүп, атайын техникалардын жардамы менен тегиздөө иштери жүргүзүлдү. Бул иштер айыл тургундарынын коопсуз жана ыңгайлуу каттамын камсыздоого өбөлгө түздү.

Өз кезегинде айыл эли да биримдик көрсөтүп, ар бир түтүн 5 миң сомдон каражат чыгарып, жалпы 200 миң сомго 18 даана  түтүк (труба) сатып алышып, суу өтүүчү арык-өткөөлдөргө орнотушту.

Мындан сырткары көчө тургундары кезектешип эки маал ысык тамак уюштуруп берип, курулуш иштерине көмөк көрсөткөн жамаатка ыраазычылык билдиришти.

Барчын Мамытбекова