“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада Айт намазы окулду

27 Май 2026 жыл 9:44
Көрүүлөрдүн саны: 5

Бүгүн, Баетов айылынын Дөрбөлжүн аянтында ыйык Курман айт майрамына карата айт намазы окулду. Майрамдык иш-чарага район тургундары менен катар дин кызматкерлери жана район жетекчилиги катышты.


Район акими  М.Камчыбеков Курман айт майрамы ынтымактын, кайрымдуулуктун жана биримдиктин майрамы экенин белгиледи. Ошондой эле ар бир үй-бүлөгө тынчтык, береке жана молчулук каалап, элибизде ынтымак бекем болсун деген тилегин билдирди.

Ал эми райондун баш имамы Айбек уулу Каныбек жамаатка насаат айтып, бул ыйык күндөрдө бири-бирине жардам берүү, боорукерлик жана сабырдуулук адамзат үчүн эң чоң баалуулук экенин белгиледи. Ал жалпы мусулмандардын курмандыгы, тилек-дубалары кабыл болушун каалады.

Барчын Мамытбекова