Ак-Талаа районунда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Баетов-Макмал унаа жолунун 14-15-чакырымында сел жүрүп, унаа каттамы убактылуу токтотулган.
Райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү, РИИБү, райондук жол тейлөө ишканалары, райондук штаб жеринде иш алып барып, унаа жол калыбына келтирилди. Учурда да тиешелүү иштер жүрүп, абал толугу менен көзөмөлдө.
https://youtube.com/shorts/o93r1EdYobA?si=T0hsVRYDtfHm-9MA
Даярдаган Барчын Мамытбекова