“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада армстерлинг боюнча чемпион Махабат Дербишалиеваны тосуп алышты

10 Июнь 2026 жыл 17:46
Көрүүлөрдүн саны: 7

Үстүбүздөгү жылдын 8-9-июнь күндөрү  Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында спорттун армрестлинг түрү боюнча Азия чемпионаты жана пара-армрестлинг боюнча 23-Азия чемпионаты өтуп, Махабат Дербишалиева  кыз-келиндер арасында +70 килограмм салмак категориясы боюнча оң кол менен күч сынашууда дагы 2-орунду жана сол кол күч сынашууда дагы 2-орунду багындырган.  Аталган чемпионатка жалпы 17 мамлекеттен 250 дөн ашык спортчу катышкан.

 

Бүгүн, 10-июнь күнү күмүш медалдын ээси Махабат Дербишалиеваны салтанаттуу тосуп алуу иш-чарасы белгиленип, ага район бийлигинин өкүлдөрү, мекеме-ишкана жетекчилери, жергиликтүү тургундар жана анын үй-бүлөсү катышты.

Алгач, Баетовдун борбордук Манас жана Султаналиев көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган айланма жолдогу Тайлак баатырдын эстелигинин алдынан Кыргыз Республикасынын Туусу жана гүл менен салтанаттуу тосуп алышты.

 

Салтанаттын жүрүшүндө Баетов айыл өкмөтү тарабынан 30 миң сом, Ардак грамота тапшырылса, ал эми аксакалдар кеңешинин төрагасы Качкынбек Абышбаев 30 миң сомдук кой берерин убада кылды.

Андан соң, спортчуну жана анын машыктыруучусу Эмилбек Чымылдаковду район акими Мирлан Камчыбеков кабыл алып, куттуктоосун билдирүү менен бирге эле Ардак грамота жана акчалай сыйлык ыйгарды.

Дербишалиева Махабат Жайлообековна 1985-жылы туулган. 3-топтогу ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран. Тактап айтканда, тубаса сол кɵзүнүн кɵрүүсү начар. Ал буга чейин параспорттун армрестлинг (кол күрɵш) түрү боюнча бир нече турнирлеринин жеңүүчүсү болгон. 2026-жылы 1-2-апрель күнү Бишкек шаарында ɵткɵрүлгɵн армрестлинг боюнча республикалык биринчиликте оң кол, сол кол боюнча чемпиону болгон.

Барчын Мамытбекова