Бүгүн, 8-июнда Ак-Талаа РИИБнүн кызматкерлери жана Соң-Көл балык чарбасынын кызматкерлери менен биргеликте Соң-Көл көлүндө мыйзамсыз балык уулоого бөгөт коюу жана алдын алуу багытында рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө көлдүн күн чыгыш тарабында, Андаш Баатырдын күмбөзүнүн тушунан болжол менен 3000 метр аралыктагы аймактан мыйзамсыз коюлган синтетикалык тор алынды.


Ошондой эле рейддик иш-чаралар үзгүлтүксүз улантылып, Соң-Көл жайлоосундагы эс алуучу жайлардын ээлерине жана жергиликтүү тургундарга мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу жана чет элдик жарандар менен чыр-чатактардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
https://youtube.com/shorts/mNbG26wpCtY?si=MvIl-Ni8XEQLxXGa
Барчын Мамытбекова