“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

«Тамеки ден соолукка зыян»: Кесиптик лицейде профилактикалык иш-чара уюштурулду

10 Июнь 2026 жыл 18:51
Көрүүлөрдүн саны: 65

Бугүн Ак -Талаа районунун Баетов айылындагы Мааданбек Барашов атындагы №40 кесиптик лицейинде  курсанттарга  “ Тамеки чегүү ден соолукка зыян”  деген темада атайын иш чара өттү.

Ал  Ак-Талаа райондук мамлекеттик  санитардык эпидемиологиялык борборунун санитардык көзөмөл бөлүмү тарабынан уюштурулуп,  бөлүмдүн кызматкери Дамира Осмонкулова  тамекинин жана электрондук тамекинин, насвайдын зыяндуулугун жана үй-бүлөлүк бюджетке алып келген  чыгашалары жөнүндө кеңири түшүндүрдү.

Мындан сырткары   курсанттардан тамекиге болгон көз карандылык тууралуу  анкета алынды.
Окуу жайдын “Айыл чарба өндүрүшүнүн устаты (фермер) адистиги боюнча 353-группанын курсанты Бакыт Карымшаков  тамекинин ден-соолукка тийгизген зыянын  айтып берди.

Жыйынтыгында курсанттар, ар бир адам  өз ден соолугуна кам көрүү, зыяндуу адаттардан алыс болуу менен сергек жашоону калыптандыруу  өз колуна алуу керек деген тыянакка келишти.

Даярдаган: Баяна Токтотемирова