Ала-Буга айыл аймагынын калкына коммуналдык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана айлана-чөйрөнүн тазалыгын камсыз кылуу максатында жаңы атайын техника – 2026-жылы чыгарылган «Шумкар» үлгүсүндөгү таштанды ташуучу унаа алынып берилди.

Долбоордун жалпы наркы 5 049 737 сомду түздү. Анын ичинен 3 549 737 сом Ак-Талаа райондук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, ал эми 1 500 000 сом Ала-Буга айыл аймагынын өздүк салымы катары жумшалды.
Жаңы техниканын пайдаланууга берилиши менен айыл аймагындагы катуу тиричилик калдыктарын өз убагында чыгаруу, санитардык тазалыкты сактоо жана калкка көрсөтүлүүчү коммуналдык кызматтардын натыйжалуулугун жогорулатуу мүмкүнчүлүгү кеңейет.
Барчын Мамытбекова