“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Адистин кеңеши: «Тамак-аш коопсуздугу – ден соолуктун кепилдиги»

16 Июнь 2026 жыл 15:15
Көрүүлөрдүн саны: 5

Адамдын ден соолугу көбүнчө күнүмдүк колдонулган азык-түлүктүн сапатына көз каранды. Ошол себептүү азык-түлүктү өндүрүүдөн тартып керектөөчүгө жеткенге чейинки бардык процесстерде санитардык эрежелерди сактоо аркылуу тамак-аш коопсуздугун камсыздоого болот.  Бул  багытта азык-түлүктү туура сактоо жана колдонуу эрежелери тууралуу  Ак-Талаа райондук Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борбордун кызматкери Дамира Осмонкулова айтып берди:
1. Тамак-аш коопсуздугу деген эмне?

Тамак-аш коопсуздугу — адамдын ден-соолугуна зыян келтирбеген, таза жана сапаттуу азыктарды колдонуу. Тамак аш азыктары өндүрүлүп чыгарылгандан баштап, ташууда, сатууда, пайдаланганга чейинки иш-аракеттин баары тамак аш коопсуздугу деп айтылат.
2. Кайсы азыктар көбүрөк коркунуч жаратат?
Эң көп коркунуч жаратуучу булар- тез бузулуучу азыктар, аларга эт, балык, жумуртка, сүт азыктары, майонез кошулган салаттар. Анткени булар бактериялар үчүн ыңгайлуу болуп саналат. Эмне үчүн тез бузулат? 1. Өтө нымдуулук жана аш болумдуулук: Бул азыктар белокко жана пайдалуу заттарга бай. Демек, бактериалар тез көбөйөт.  2. Температуранын өзгөрүүсүнө сезгичтик: эт сүт ысыкта тез бузуларын билебиз. Муздаткычсыз калса ал бир нече сааттын ичинде эле адамды катуу ууланта турган токсиндерди бөлүп чыгарат. 3. Майонездин курамы: Анда өзү тез бузулуучу жумуртка, өсүмдүк майы, лимон кислотасы бар. Аны башка азыктарга кошуп жегенде процесстер тездеп, кооптуу бактериялардын очогуна айланат. Ошол үчүн бул азыктар тез бузулуучу азыктарга кирет. Туура эмес сакталганда бактериялар бат көбөйүп, азык тез бузулат жана уулануу коркунучун жаратат.

3. Тамак-аштан уулануунун негизги себептери: Бузулган азык-түлүктү жегенде, колду таза жуубай тамак даярдоо, азыкты туура эмес сактоо, мөөнөтү өткөн азык-түлүктү пайдалануу, тамак-ашты даярдоо технологиясын сактабагандык -тамак-аштан уулануунун негизги себептери болуп саналат. Базардан жана дүкөндөн сатып аларда азык-түлүктүн мөөнөтүнө, таңгактын бүтүндүгүнө, сактоо шартына, сырткы көрүнүшүнө, сертификат декларациясына сөзсүз көңүл буруу керек. Балдарга азык түлүк тандоодо да ушул эле нерселерге маани берүү керек, ошондой тез даярдалуучу фастфуд өңдүү тамактардан баш тартуу же азайтууну сунуштайт элем.

3. Жайында азык сактоодо кандай каталар кетет?
Тамак-аш азыктарын туура эмес сактоо жана колдонуу адамдын ден соолугуна олуттуу коркунуч жаратышы мүмкүн. Муздаткычсыз калтыруу, температуралык режимди сактабоо, чийки жана бышкан азыктарды чогуу сактоо, мөөнөтү өтүп кеткен азыктарды колдонуу жана азыктарды талапка ылайык тазалабай колдонуу тамак-аштын бузулушуна алып келет. Мындай учурларда тамак-аштан уулануу, ботулизм, сальмонеллез жана ар кандай ичеги-карын ооруларынын пайда болуу коркунучу жогорулайт. Мындан бир аз убакыт мурда ожойкелер үй шартында консервацияны көп жасачу, азыр болсо жаңы сатып алып колонууга өтүп жатабыз. Бирок ошентсе да консервалоодо технологиялык эрежелерди сактоо, таза жашылчаларды, сапаттуу сүт азыктарын пайдалануу, стерилизацияны өз деңгээлинде жүргүзүү керек. Демек азык-түлүктү сактоо жана пайдаланууда санитардык эрежелерди так сактоо зарыл.
Тамактын бузулганын билүүнүн кыйынчылыгы жок. Эгер бузулган болсо жыты, түсү өзгөрөт, көгөрүп кетет, аштын үстүн желе басат. Ал азык тангакта болсо  дагы таңгагы бузулат. Негизи жарандар тазалыгын тастыктоочу документи жок болсо тамак-ашты сатып албаганы оң.

4. Уулануудан дарылануу

Тамак-аштан уулануунун женил түрүндө үйдөн дарыланууга болот. Эң алгач ашказанды тазалоо үчүн көп өлчөмдө кайнак суу ичип, кусууну пайда кылуу керек. Организмдеги токсиндерди өзүнө сиңирүү үчүн активдештирилген көмүр же сорбент дарыларын колдонуу зарыл. Кусуу жана ич өтүү токтогончо тамак ичпей туруу зарыл.
Уулануунун оор түрүндө сөзсүз дарыгерге кайрылуу керек. Тез жардам келгиче жылуу суу же марганцовканын эритмесинен ичирип, тилдин тамырына манжа менен басып, кустуруу керек. Бул ыкма ашказанды зыяндуу токсинден арылтат. Эгер адам эстен танса, капталанынан жаткыруу керек, анткени кусунду дем алуу жолдоруна кирип кетпеш үчүн. Ошондой эле мындай учурда жана химиялык заттарга ууланган болсо, кустурууга тыюу салынат.
5. Мыйзамга ылайык иш алып барабыз.

Тамак-аш боюнча эл арасында кеңири тараган, бирок туура эмес түшүнүктөр бар. «Азык -түлүктөрдү СЭС кызматкерлери текшербейт, иштебейт көзөмөл жүргүзүлбөйт»- деген сөздөр баарыбызга маалым. Бирок КР Кыргыз Республикасынын «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» 2007-жылдын 25-майындагы Мыйзамдын негизинде атайын пландын негизинде жылына дүкөндөргө 1 жолу ,ашкана өндүрүш ишканаларга 2 жолу текшерүүгө уруксат берилген жана каалаган маалда кирип текшерүүгө укугубуз жок. Мыйзам менен иш алып барабыз. Мындан сырткары азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 14-мартындагы №113 «Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу мораторий киргизүү жөнүндө» Жарлыгы чыккан мунун негизинде текшерүү жүргүзө албайбыз. Бирок текшере албайбыз деп отурбастан, жеке ишкерлерге, соода- сатык кылгандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп,тийиштүү көрсөтмөлөрдү берилип иш алынып барылат. Менимче муну менен эле, тамак-аш коопсуздугун камсыздоо жетишсиз деп ойлойм .

Өзүбүздүн жана жакындарыбыздын ден соолугун коргоо үчүн, азык-түлүк коопсуздугунун жөнөкөй эрежелерин дайыма сактайлы.
Баарыңыздарга чың ден- соолук жана бакубат жашоо каалайм!

https://youtube.com/shorts/Qj-3z2lOoWI?si=5yb4cRE8M55fMCu7

Барчын Мамытбекова