26-июнь-баңгизатты кыянаттык менен пайдаланууга жана мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү катары Бириккен Улуттар Уюму тарабынан 1987-жылдын 7-декабрында кабыл алынып, 1988-жылдан бери жыл сайын белгиленип келет. Мына ушул датага байланыштуу бүгүн Ак-Талаа районунда атайын иш чара өттү.



Алгач медицина жана мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин катышуусунда жөө жүрүш өткөрүлүп, «Баңгизатка – жок!», «Сергек жашоо – жаркын келечек!» деген чакырыктар айтылды. Ошондой эле баңгизаттын адамдын ден соолугуна, үй-бүлөгө жана коомго тийгизген зыяндары тууралуу маалымат камтылган үгүт-насаат баракчалары даярдалып, калкка таратылды. Андан сон маданият үйүндө катышуучулар арасында кол күрөш боюнча мелдеш уюштурулуп, сергек жашоо образын даңазалаган презентация слайд аркылуу көрсөтүлдү. Ошондой эле катышуучуларга баңгизаттын алдын алуу, ден соолукту сактоо жана зыяндуу адаттардан алыс болуунун мааниси тууралуу кеңири маалымат берилди.



О. А. Көккөзов атындагы Ак-Талаа райондук Жалпы дарыгерлик практикалык борборунун Ден соолукту чыңдоо кабинети тарабынан жаштар арасында сергек жашоо образын жайылтуу, баңгизаттын зыяндуу кесепеттерин алдын алуу жана анын терс таасирлери тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу максатында уюштурулду.
Барчын Мамытбекова