Бүгүн, Баетов айыл аймагына 2026-жылы өндүрүштөн чыккан, 20 кубдук «Шумкар» суу чачуучу атайын автоунаа тапшырылды.


Аталган техниканы сатып алууга 5 44 782 сом каражат жумшалып, мунун 4 517 282 сом Ак-Талаа райондук өнүктүрүү фонду тарабынан долбоор аркылуу каржыланган. Ал эми өздүк салым 527 500 сомду түзөт.
Жаңы атайын техниканын пайдаланууга берилиши менен Баетов айыл аймагына караштуу айылдардын ички көчөлөрүнө үзгүлтүксүз суу чачуу иштери жүргүзүлөт. Бул көчөлөрдөгү чаңды азайтып, санитардык-гигиеналык абалды жакшыртууга жана жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өбөлгө болот.

Район акими Мирлан Камчыбеков «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан калкка көрсөтүлүүчү коммуналдык кызматтардын сапатын жогорулатуу жана атайын техникалар менен камсыздоону жакшыртуу багытындагы иштер мындан ары да улантыла берет. Жакынкы жылдары «Баетов-Таза аймак» муниципалдык ишканасын керектүү техникалар менен толук камсыздайбыз»-деди.