“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Мал чарбасын өнүктүрүүгө салым: ветеринардык кызматка жаңы жабдуулар берилди

26 Июнь 2026 жыл 16:45
Көрүүлөрдүн саны: 35

Ак-Талаа райондук Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют башкармалыгынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында Ак-Талаа райондук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган долбоордун алкагында жалпы  1 миллион 53 миң сомдук  заманбап ветеринардык жабдуулар алынып келди.

 

 

Долбоордун алкагында төмөнкү жабдуулар сатылып алынды:

* 2 даана биологиялык микроскоп;
* 2 даана 20 литрлик Дьюар идиши;
* 1 даана 35 литрлик Дьюар идиши;
* 3 даана портативдүү ветеринардык УЗИ аппараты.

Жаңы алынган жабдуулар ветеринардык кызматтын сапатын жогорулатууга, мал ооруларын өз убагында жана так аныктоого, ошондой эле жасалма уруктандыруу иштерин сапаттуу жүргүзүүгө өбөлгө түзөт.

Бул долбоор аймактагы ветеринардык кызматты заманбап техникалар менен камсыздап, мал чарбасын өнүктүрүүгө жана мал ээлерине көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган.

Барчын Мамытбекова