Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылында белгилүү дарыгер Мурзабек Көкөтаевди эскерүү кечеси өткөрүлдү.

М.Көкөтаевдин уулу Жылдызбек Мурзабек уулунун айтымында, иш-чара Мурзабек Көкөтаев атындагы №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда уюштурулуп, ага өлкөнүн жети облусунан келген курсташтары жана кесиптештери катышты. Алардын арасында медицина илимдеринин доктору, профессор, академик, Кыргызстандын көрүнүктүү хирургу Рахатбек Оморов баш болгон дарыгерлер болду.
Эскерүү кечесинде Мурзабек Көкөтаевдин саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы, элдин ден соолугу үчүн көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана уул-кыздарын дарыгерлик кесипке тарбиялаганы белгиленип, кесиптештери анын адамгерчилигин, кесипкөйлүгүн жана жөнөкөйлүгүн жылуу сөздөр менен эскеришти.



Мурзабек Көкөтаев 1950-жылы Кош-Дөбө айылында туулган. 1969–1975-жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда билим алып, интернатураны Ош облустук ооруканасында өтөгөн. Шаарда иштөөгө мүмкүнчүлүгү болгонуна карабастан, туулган айылына кайтып келип, өмүрүнүн 45 жылын дарыгерлик кызматка арнаган. Анын 30 жылы айылдык оорукананын башкы дарыгери катары өтүп, мекеменин материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана элдин саламаттыгын коргоого зор салым кошкон.
2008-жылы жетектеген жамааты «Мыкты үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу» номинациясына ээ болсо, өзү «Мыкты дарыгер» наамын алган. 2015-жылы айыл тургундарынын демилгеси менен көзү тирүүсүндө, анын ысымы Кош-Дөбө айылындагы медициналык мекемеге ыйгарылган. Курсташтарынын белгилешинче, бул алардын арасындагы көзү тирүүсүндө аты айылдык ооруканага ыйгарылган алгачкы дарыгер болгон.
Барчын Мамытбекова