“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаалык бийчилер эл аралык сынакта байгелүү орунду камсыздады

4 Июль 2026 жыл 22:33
Көрүүлөрдүн саны: 11

Ак-Талаа районунун Үгүт айылындагы Муса Баетов атындагы орто мектебинин алдындагы «Күн нуру» бий тобу Чолпон-Ата шаарында өткөн «Маданият — эл дүйнөсү-2026» эл аралык сынагында 3-орунду ээлеп, Түркияга жолдомо алды.

Сынакка Кыргызстан, Түркия, Казакстан жана Өзбекстандан келген бийчилер катышкан. Нарын облусунан жалгыз «Күн нуру» бий тобу катышып, «Барби» бийи менен байгелүү орунга татыды.

Мындан тышкары, жеке бийлөө боюнча Элзана 1-орунду ээледи.

Бий тобунун жетекчиси Нургүл Адылбекованын айтымында, топ 2026-жылдын март айында түзүлүп, учурда 1–2-класстын окуучуларынан турат. Бул сынакка чейин райондук, облустук сынактарга да активдүү катышып, байгелүү орундарды камсыздаганын кошумчалады Н. Адылбекова.

Даярдаган:  Барчын Мамытбекова