“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

«Көчмөндөр оюну-2026»: Нарындан «Биримдик кербени» сапар алды

4 Июль 2026 жыл 22:59
Көрүүлөрдүн саны: 14

Кечээ  VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна карата Нарын облусунан мөңгүлөрдөн башат алган ыйык булак суусун узатуу иш-чарасы уюштурулду.

Салтка ылайык, аксакалдардын батасы берилип, булак суусу көөкөргө куюлуп, кербендин коштоосунда көчмөндөр оюндары өтө турган Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарына жөнөтүлөт.

Ак-Талаа районунун өкүлдөрү Нарын облусунун атынан уюштурулган бул саамалыкка катышып, көчмөндөрдүн улуу мурасын даңазалоого өз салымын кошууда.

Руслан Карагулов жана Шахназар Жанболот уулу(оңдо) Ак-Талаа району

Шахназар Жанболот уулунун айтымында «Биримдик кербени» кечээ Ат-Башы районунун Богошту жайлоосунда көч менен башталды.  «Бул иш чарага облустагы ар бир райондон экиден өкүл катышып, «Баатырлар биримдигинин» курамында булак суусу куюлган көөкөрдү  Кырчын жайлоосуна жеткиребиз. Ал жерден   жети дубандан биригип барып, булак сууларын  куюу жөрөлгөсү болот.  Ал эми 15-июлдан баштап, ар бир дубандан элибиздин көчмөн турмушун чагыллырган жүк жүктөлгөн кербендер Ысык-Көлдү көздөй жол тартат»-деди ал.

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Ысык-Көл облусунда өтөт.

Учурда бул иш чарага өлкөдө туризмди өнүктүрүү уюмдары да кеңири  иш алып барууда.

Барчын Мамытбекова