Ак-Талаа районундагы Арпа жайлоосуна барчу жолду оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө.
Жолдун айрым тилкелери атайын жол техникаларынын жардамы менен сүрдүрүлүп, тегизделип, оңдолууда. Оңдоо иштерине Баетов, Кара-Бүргөн жана Ала-Буга айыл аймактарына караштуу муниципалдык ишканалардын техникалары тартылып, финансылык каражаттар каралды.
Учурда 30 чакырымга жакын жол тилкеси жасалды.
Жолдун абалын жакшыртуу — жайыттарды натыйжалуу пайдаланууга, малчылардын жана жергиликтүү тургундардын каттамын жеңилдетүүгө багытталган.
https://youtube.com/shorts/6QFjJbk9Y-s?si=GbIUIdk013HWw7cg
Барчын Мамытбекова