“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Көп балалуу энелерге мамлекеттик сыйлык тапшырылды

22 Июль 2026 жыл 15:01
Көрүүлөрдүн саны: 9

Кечээ Ак-Талаа районунда КРнын  Президентинин 13.05. 2026-ж. №161 жана №162 Жарлыктарына ылайык, көп балалуу энелер мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды.
Тактап айтканда, жети жана андан көп баланы төрөп, аларды татыктуу тарбиялаган 11 эне «Баатыр эне» ордени менен, ал эми алты баланы төрөп, татыктуу тарбиялаган 23 эне «Эне даңкы» медалы менен сыйланышты.

Салтанатта район акими М.Камчыбеков энелерди куттуктап, алардын  сыйланшы үй-бүлөгө, коомго жана өлкөгө кошкон зор салымынын жогорку баасы экенин белгилеп:

«Эне — үй-бүлөнүн куту, коомдун бекемдиги жана келечек муундун тарбиячысы. Сиздердин мээримиңиздер, эмгегиңиздер жана балдарыңыздарга берген тарбияңыздар терең урматка татыктуу»-деди.

Барчын Мамытбекова