Мындай маалыматты О.Көккөзов атындагы райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун башчысынын орун басары Майрам Токтомамбет кызы билдирди.

Майрам Токтомамбет кызы (Сурөт архив)
Анын айтымында быйыл райондогу билим берүү мекемелеринде эмгектенген бардык мугалим, тарбиячы, ашпозчу, кенже ж.б кызматкерлер кезектеги медициналык кароодон онлайн өтүшөт жана алар маалыматты «Түндүк» тиркемесинен көрө алышат. «Мурда анализ тапшырып, кароодон өткөндөн кийин атайын китепчеге иштөөгө уруксат берилүүчү мөөр басылчу. Азыр эми бардыгы санариптешип жатат, бардык маалымат базага түшөт. Эгер кызматкер абалы тууралуу даттануусу болсо тиешлүү анализдерди тапшырат. Даттануу жок болсо участкалык медайым аркылуу ден соолугу тууралуу маалымат базага киргизилет. Райондук билим берүү бөлүмү менен бала бакча, мектептерде иштеген бардык кызматкерлерин тизмесин жана өтүү графигин түзүп жатабыз. Кайсы мекемеде ким өтпөй калды көзмөлдөп турабыз»-деди Майрам Токтомамбет кызы.
Билим берүү мекемелери белгиленген график боюнча гана өтүшөт. Бир күндө 50дөн ашык кызматкерди кароодон өткөрүүгө болбой турганын, анткени айрым аппараттардын (Рентген) иштөө мүмкүнчүлүгү чектелүү экенин кошумчалады.
Барчын Мамытбекова