Бүгүн Ак-Талаа райондук К. Султангазиев атындагы райондук маданият үйүндө тарыхта «Үркүн» деген ат менен калган 1916-жылдагы улуттук трагедиянын 110 жылдыгына арналган «Үркүн-тарыхтын очпөс сабагы» аттуу эскерүү иш-чарасы өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Үркүн окуясында курман болгондордун арбагына багышталып куран окулуп, 1916-жылдагы каргашалуу окуяларды баяндаган ырлар көркөм окулду. Катышуучулар тарыхтагы оор күндөрдү эскерип, анын кийинки муундар үчүн маанилүү сабактарын белгилешти.



Ошондой эле маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан Үркүн окуясынын тарыхый чындыгын чагылдырган сахналаштырылган көрүнүш тартууланды.



Мындан сырткары, Н. Кулназаров атындагы китепканалар тармагы тарабынан Үркүн окуясына арналган китеп көргөзмөсү уюштурулду.

Эскерүү иш-чарасы Үркүн окуясында курман болгондордун жаркын элесине таазим кылуу, тарыхый чындыкты сактоо жана жаш муундарга жеткирүү максатында маданият жана китепкана кызматкерлери менен биргеликте уюштурулду.
Эске салсак,
Улуу Үркүн — 1916-жылы Орусия империясынын колониялык саясатына каршы чыккан кыргыз элинин улуттук-боштондук көтөрүлүшү жана андан кийинки кандуу кыргын. Бул окуя падышалык бийликтин жергиликтүү калкты аёосуз эзүүсүнөн, түпкү элдин жерин тартып алуусунан улам келип чыккан. Кандуу Үркүн август айында башталган…
Барчын Мамытбекова