Ак-Талаа районунда дан эгиндерин оруп-жыйноо жана тоют камдоо мезгилинде өрт кырсыктарынын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Кылычбек Суранбаевдин маалыматына ылайык, бөлүмдүн адистери тарабынан эгин талааларында жана айылдарда жергиликтүү тургундарга өрт коопсуздугунун талаптары түшүндүрүлүп, бир катар эскертүүлөр берилүүдө.

Анын ичинде саман жана кургак чөптөрдү өрттөөгө жол бербөө, өчүрүлбөгөн тамекинин калдыктарын туш келди ыргытпоо, жыйылган чөптөрдүн жанында тамеки чекпөө жана ачык от колдонбоо зарылдыгы айтылууда. Ошондой эле өспүрүм балдардын колуна өрт тутантуучу каражаттарды бербөө боюнча ата-энелерге эскертүүлөр берилди.
Мындан тышкары, оруп-жыюу иштерине тартылган айыл чарба техникаларын алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттар менен камсыздоо зарылдыгы белгиленди.
ӨКМ кызматкерлери жарандарды өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырып, кырсык катталган учурда тез арада 112 кызматына кабарлоо керектигин эскертишти.
Барчын Мамытбекова