Бүгүн, 25-августта Ак-Талаа районунда педагогодор «Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим – өнүккөн өлкө» аталышындагы август педагогикалык кеңешмесине чогулушту. Ага район аймагындагы билим берүү тармагынын кызматкерлери, мектеп директорлору жана Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким М.Камчыбеков катышты.


Кеңешмени алгач РБББнүн башчысы Ж.Сыдыков ачып, кеңешменинин ишине ийгилик каалады.
Андан соң район акими М.Камчыбеков агартуу кызматкерлерин жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, өлкөнүн келечегин түптөөдө мугалимдин орду жана эмгеги өзгөчө мааниге ээ экенин айтты. Ошондой эле билим берүү тармагына мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоолорго токтолуп, мугалимдердин жоопкерчиликтүү жана үзүрлүү эмгеги коомдун, өлкөнүн өнүгүшүнө түздөн-түз таасир этерин баса белгиледи.
Кеңешменин жүрүшүндө РБББнүн башчысы Ж.Сыдыков 2025–2026-окуу жылында аткарылган иштер, жетишилген ийгиликтер, билим берүү мекемелеринин окуу китептери менен камсыз болуусу, ЖРТнын жыйынтыктары, оңдоп-түзөө иштери жана тартылган инвестициялар тууралуу кеңири маалымат берди. Мындан тышкары, 12 жылдык билим берүүгө өтүү процессинде жаралган кыйынчылыктар жана жетишилген оң натыйжалар боюнча маалыматтар айтылды.

Август педагогикалык кеңешмесинде жаңы окуу жылына карата билим берүү тармагында аткарыла турган негизги милдеттер талкууланды. Анда мугалимдердин кесиптик чеберчилигин өнүктүрүү, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана окуучулар үчүн татыктуу билим алууга зарыл болгон шарттарды түзүү боюнча маанилүү пикирлер айтылды. Кеңешменин жыйынтыгында алдыга коюлган милдеттерди ишке ашырууга багытталган резолюция кабыл алынды.
Барчын Мамытбекова