
Салтанатта райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М. Камчыбеков жалпы район элин Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктап, өлкөбүздүн келечеги кең, элибиздин ынтымагы бекем болуусун каалады. Ошондой эле Кыргызстандын мамлекеттик туусу бийиктиктерде желбиреп, өлкөбүз мындан ары да өсүп-өнүгө беришине тилектештигин билдирди
Ошондой эле Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Акиев куттуктоо менен бирге аймактагы өнүгүүлөргө токтолду.




Майрамдык салтанат Д.Ажиев атындагы айылдык клубдун кызматкерлеринин, шайыр апалар топторунун жана жаш таланттардын катышуусундагы концерттик программа менен коштолуп, келгендерге жагымдуу маанай тартуулады.
Даярдаган Б.Мамытбекова