“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

«Көчмөндөр оюну-2026»: Ак-Талаанын алгачкы ийгилиги

2 Сентябрь 2026 жыл 21:12
Көрүүлөрдүн саны: 27

Бүгүн, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөрүлүп жаткан мелдештердин биринде Ак-Талаа району Нарын облусунун атынан катышып, «Жашоо жарыш» үй-бүлөлүк сынагында I орунду ээледи.

Аталган сынакка Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургуну, райондук Аксакалдар кеңешинин төрагасы Качкын Абышбаевдин үй-бүлөсү катышты.

«Жашоо жарыш» сынагында катышуучуларга улуттук каада-салттарды, турмуш-тиричилик көндүмдөрүн жана ата-бабадан калган мурастарды чагылдырган бир катар тапшырмалар берилди. Анын ичинде жип ийрүү, жүк жыюу, тал арчуу жана аны бириктирип, түндүк жасоо сыяктуу тапшырмалар аткарылды.

К. Абышбаевдин үй-бүлөсү берилген бардык тапшырмаларды ийгиликтүү аткарып, өздөрүнүн шамдагайлыгын, чеберчилигин жана улуттук каада-салттарды мыкты билерин көрсөтүштү. Жыйынтыгында район командасы I орунга татыктуу болду.

Бул жеңиш — Ак-Талаа районунун «Көчмөндөр оюну – 2026» мелдештериндеги алгачкы ийгиликтеринин бири.

Барчын Мамытбекова