1-6-сентябрь күндөрү Кырчын жайлоосунда өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Ак-Талаа районунун Коңорчок айылынын балбаны Айбек Касманбетов азербайжан күрөшү боюнча Кыргызстандын намысын коргоп, коло медаль тагынды. Бул боюнча Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү кабарлады.

Балбан Айбек Касманбетов 1992-жылы Коңорчок айылында туулган. Ал эл аралык аренада Кыргызстандын намысын татыктуу коргоп, Азербайжан күрөшүндө 3-орунду камсыздап, коло медалды жеңип алды. Ал спорттук карьерасында буга чейин дагы ийгиликтерди жаратып келген.
Алсак, 2019-жылы Японияда өткөн сумо күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында 3-орунду ээлеген.
Барчын Мамытбекова