“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаалык балбан Камчы Төлөпалды уулу грэпплинг боюнча коло медаль жеңип алды

6 Сентябрь 2026 жыл 21:19
Көрүүлөрдүн саны: 11

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында спорттун грэпплинг түрү боюнча өткөн мелдеште Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылынан барган балбан Камчы Төлөпалды уулу коло медалга ээ болду.

5-сентябрь күнү грэпплинг боюнча 84 килограмм салмак категориясында күч сынашкан Камчы Төлөпалды уулу байгелүү 3-орунду ээлеп, Кыргызстандын куржунуна коло медаль кошту.

Ак-Талаалык балбан буга чейин да грэпплинг боюнча эл аралык жана республикалык деңгээлдеги ири мелдештерде ийгиликтүү катышып, байгелүү орундарды камсыздап келген.

Мындан тышкары, Камчы Төлөпалды уулу өзүнүн туулган жери Чолок-Кайың айылында демилгеси менен күрөш залын ачып, өспүрүмдөрдү спортко тартуу менен жүздөгөн жаш балбандарды тарбиялап, машыктырып келет.

Барчын Мамытбекова