“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

«ДКО-2026»: Ак-Талаа району бир катар байгелүү болду

6 Сентябрь 2026 жыл 21:11
Көрүүлөрдүн саны: 12

1-6-сентябрь күндөрү Кырчын жайлоосунда өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Ак-Талаа району бир катар байгелүү орундарды камсыздады. Атап айтканда, шамдагайлар сынагында Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылынын «Акмөөр» командасы  боз үйдү 8 минут 36 секундда чечип, республика боюнча   2-орунду камсыздады;

«Жашоо жарыш» үй-бүлөлүк сынагында Баетов айылынын тургуну Качкын Абышбаевдин үй-бүлөсү 3-орун;

С.Момунбаев (ондон экинчи)

Зергерчилик боюнча Сүйүнаалы Момунбаев 3-орун;

Мындан сырткары, кызыктыруучу сыйлыкка ээ болгондор да бар.

Барчын Мамытбекова