“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаадагы мектепте капиталдык ондоп-түзөө иштери жүрүүдө

9 Сентябрь 2026 жыл 16:24
Көрүүлөрдүн саны: 9

Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Ж.Сатылганов атындагы жалпы билим берүү мектебинде капиталдык ондоп-түзөө иштери жүрүүдө.

Аталган мектептин директору Анара Төлөбек кызынын маалыматына караганда оңдоп-түзөө иштери республикалык бюджеттен капиталдык салымдар беренеси  аркылуу каржыланууда. «Мектепте 600гө жакын бала билим алат. Имарат 1988-жылы салынган, андан бери бир да ирет капиталдык ондоп-түзөөдөн өткөн эмес. Учурда мектептин чатыры, эшик-терезелери, полу толугу менен алмашылып,дубалдары жана сырты  заманбап үлгүдө жасалып жатат. Мындан сырткары жарыктандыруу түзүмү жаңыртылды. Ошондой эле  кичи футбол аянчасы үчүн дагы торлору алынып келинип, жасалуу алдында турат» деди А.Төлөбек кызы.

Анара Төлөбек кызы  ондоп-түзөө иштерине карабастан жаңы окуу жылына мүмкүн болушунча мектеп даяр болорун  кошумчалады.

Барчын Мамытбекова.