“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Мектепрде жаңы окуу жылы башталды

15 Сентябрь 2026 жыл 17:14
Көрүүлөрдүн саны: 40

 

Бүгүн, 15-сентябрда Ак-Талаа районундагы жалпы билим берүүчү 18 мектепте  жаңы окуу жылы башталып, алгачкы коңгуроо кагылды.

Жаңы окуу жылына арналган салтанаттуу иш-чараларга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери, ата-энелер, мугалимдер жана окуучулар катышты.

Салтанаттуу иш-чараларда окуучуларга жаңы окуу жылында ийгиликтерди жаратып, билимге умтулуу менен алдыга койгон максаттарына жетишүүсүнө жакшы каалоо-тилектер айтылды. Ошондой эле мугалимдерге жаш муундарга сапаттуу билим жана татыктуу тарбия берүүдө ийгиликтер кааланды.

Маалыматка ылайык, быйыл райондогу жалпы билим берүүчү мектептердин 1-классына 590 окуучу кабыл алынды. Алар үчүн мектеп босогосун алгачкы жолу аттаган күн өзгөчө мааниге ээ болуп, билим дүйнөсүнө жасаган алгачкы кадамы катары белгиленди.

Барчын Мамытбекова