“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Ак-Талаанын Чолок-Кайында дамба куруу иштери жүрүүдө

30 Сентябрь 2026 жыл 20:45
Көрүүлөрдүн саны: 36

Ак-Талаа районундагы  Ала-Буга айыл аймагына караштуу  Чолок-Кайын айылынын түштүк тарабындагы Шырдакбектин сайы участкасында жээк эрозиясынын алдын алуу жана турак жайларды коргоо максатында дамба куруу иштери жүргүзүлүүдө.

Жээкти бекемдөө иштерин жүргүзүүгө айыл аймак тарабынан КР ӨКМге караштуу Баткен көчмө механизациялаштырылган отряды тартылып, аталган дамбаны куруу иштерин жүргүзүүгө милдеттеме алышкан.

Долбоордун жалпы каржылоо суммасы 15 млн 190 миң сомду  түзөт. Ал эми дамбанын жалпы узундугу  380 метрди  түзсө, мунун  ичинен  47 метр бөлүгү таш менен эки катар бекемделет жана  333 метрине бетондоо иштери  жүргүзүлөт.

Учурда 170 метр дамбанын негиздемеси (основаниеси) даярдалып, калган курулуш иштери улантылууда.

Курулуш иштерине 2 даана HOVO самосвалы жана Lovol 220 экскаватору  тартылган.

Долбоор толук ишке ашканда жээк эрозиясынын алдын алуу менен  Чолок-Кайын айылындагы 15 турак жайды коргоого  шарт түзүлөт.

Барчын Мамытбекова