“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада ата-энелер жана окуучулар үчүн психологиялык окуулар өтүүдө

29 Октябрь 2026 жыл 9:22
Көрүүлөрдүн саны: 2

Ак-Талаа районунда  27–28-октябрь күндөрү Бишкек шаарынан келген жогорку билимдүү психологдор тарабынан ата-энелерге жана окуучуларга психологиялык окуулар өткөрүлдү.

Ата-энелер үчүн уюштурулган окуулардын жүрүшүндө үй-бүлөлүк мамилелерди бекемдөө, жубайлардын ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жакшыртуу жана балдарга туура тарбия берүү маселелери талкууланды.

  • Ал эми окуучулар үчүн балдар психологу тарабынан «Балдарды шыктандыруу аркылуу дараметин ачуу» жана «Кесипти туура тандоо» темаларында тренингдер өткөрүлдү. Анда балдардын жөндөмүн өнүктүрүү, өзүнө болгон ишенимин арттыруу жана келечектеги кесибин туура тандоого багыт берүү маселелерине көңүл бурулду.

Мындан тышкары, турмуштук оор кырдаалга кабылган жарандар жана балдар үчүн жеке кабыл алуулар уюштурулуп, тиешелүү кеңештер берилди. Ошондой эле балдардын ата-энелерине жана жакындарына үй-бүлөлүк мамилелерди жөнгө салуу, балдардын психологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу жана аларга колдоо көрсөтүү боюнча сунуштар айтылды.

Белгилей кетсек, аталган тренинг-семинарлар 29-октябрь күнү Тоголок Молдо айыл аймагынын тургундары жана окуучулары үчүн Жаңы-Талап айылында улантылат.

Бул иш-чаралар үй-бүлөдөгү жагымдуу психологиялык чөйрөнү калыптандырууга, ата-энелердин тарбиялык көндүмдөрүн өркүндөтүүгө жана балдардын жеке дараметин ачууга багытталган.

Барчын Мамытбекова