Бүгүн, Ак-Талаа районундагы Баетов айылында Баткен окуяларынын катышуучуларын эскерүү иш-чарасы өтүп, ага жергилмктүү бийликтин өкүлдөрү, мекеме жетекчилери жана Баткен согушунун ардагерлери катышты. Алгач курман болгондордун арбагына багышталып куран окулду.
Андан соң аакимдин биринчи орун басары У.Жылтыров ардагерлерди куттуктап, Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын «Ардак грамоталары», «Ыраазычылык каттары» жана акимдин резервдик фондунан акчалай сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле мекеме жетекчилери жана коомдук уюмдар тарабынан белектер берилди.

Иш-чарага катышкан өкүлдөр Кыргызстандынэгемендүүлүк жылдарындагы эл аралык террористтерден тазалоодо жана өлкө бүтүндүгүн коргоодогу эрдигин баса белгилешти.
Эске салсак, 1999-жылы өлкөнүн бүтүндүгүн коргоого Ак-Талаа районунан 56 жаран катышып, анын бирөө коогалаң учурунда курман болгон. Ал эми 7 жаран ар кандай себептерден кийин каза болгон. Учурда райондо Баткен коогалаңынын 48ардагери бар.