Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 102 жылдыгына карата өлкө аймактарында ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн 42 жаны имарат аралыктан ачылды.


Алардын ичинен үч объект Ак-Талаа районунда жайгашкан. Тактап айтканда, Кош-Дөбө, Ак-Кыя жана Ак-Тал айылдарында милициянын аймактык пунктарынын жаны имараттары салтанаттуу түрдө ачылып, пайдаланууга берилди.
Жаны имараттар милиция кызматкерлеринин иштөө шарттарын жакшыртуу менен катар, коомдук коопсуздукту бекемдөөгө жакшы өбөлгө түзөт.
М.Тентиева