“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада заманбап күн чырактар орнотулду

4 Ноябрь 2026 жыл 20:43
Көрүүлөрдүн саны: 23

Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл аймагына караштуу Кара-Бүргөн айылында заманбап түнкү жарыктандыруу системасы орнотулду. Долбоордун алкагында айыл көчөлөрүнүн жалпы 11,25 чакырым аралыгына энергияны үнөмдөөчү күн батареялары менен иштеген заманбап күн чырактары коюлду.

Бул демилге Нарын облустук «Теңир-Тоо» өнүктүрүү фонду тарабынан 8 236 980 сом катары каржыланып, орнотуу иштерине айылдын активдүү тургундары, айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери жана «Кадаң-Майстан»  муниципалдык ишкананын техникалары жигердүү катышты. Алынган маалыматка  ылайык, мындай жарыктандыруу иштери келерки жылы аймакка караштуу Жаңы-Тилек жана Ак-Чий айылдарында да улантылат.

Б.Мамытбекова