Ак-Талаа районунда Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү маселелери боюнча жумушчу жолугушуу болуп өттү.
Ага Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Тимур Оторбаев, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү катышты.


Жолугушуунун жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери талкууланды. Р.Жакышов өз сөзүндө КР Президентин шайлоо шаршемби күнү өтөрүн айтып, «Мыйзамдагы жаңы өзгөрүүлөргө ылайык жаран каалаган жерден добуш бере алат. Шайлоо Мурдагыдай 10 күн мурда шайлоо тилкесине арыз жазып кайрылбайт» деди. Ал эми Т.Оторбаев үгүт иштери, добуш берүү ж.б жагдайлар тууралуу белгиледи.
Б.Мамытбекова