Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Канатбек уулу Дастан 9-10-11-март күндөрү Сингапурда өтүүчү менталдык арифметика боюнча дүйнөлүк олимпиадага Кыргызстандын катышат. Дастандын айтуусунда Үстүбүздөгү жылдын январь айында Шеньмо уюму менталдык арифметика боюнча республикада тандоо турун өткөргөн. 21 мамлекеттин окуучулары катыша турчу бул олимпиадада тандоо турунан ийгиликтүү өткөн 4 окуучу Кыргызстандын намысын коргойт.

Канатбек уулу Дастан мектепте ачылган менталдык арифметика боюнча ийримге катышып жатканына эки жыл болду. Ийримдин жетекчиси Макелеева Нургул: «Республикалык тандоо турга барып келгенден бери болгон убактыбызды машыгууга бөлүп, эсептерди чыгарып, убакытка минутка, секундка карап даярданып жатабыз» дейт. Сингапурда өтүүчү олимпиадага катышкан бардык мекендештерибизге ийгилик каалайбыз!
Даярдаган: Жумакадырова Мөөркан