“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Адам укуктары боюнча даректүү тасмалар көрсөтүлүүдө

14 Март 2018 жыл 16:49
Көрүүлөрдүн саны: 166

Ак-Талаа районундагы  Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде   14-марттан  17-мартка чейин   окуучуларга  жана ата-энелерге  “Бир дүйнө-Кыргызстан-2017” ХI эл аралык фестивалынын алкагында   адам укуктары боюнча боюнча даректүү тасмалар көрсөтүлүүдө.  Кечээ  Азамат Шаршендин  (Кыргызстан)   “Жизнь прекрасна”- “Жашоо керемет”, Гвидо Реддинин  «Болуш»-«Становление» аттуу тасмалары тартууланды.

Аталган  тасмадан   ата-энелер жана  окуучулар  каарман Дмитрийдин үй-бүлөсү, анын жашоосу  менен  тасмадан таанышып, берилүү менен көрүштү. Баетов айылынын тургуну Алиева Венера:  Тасма абдан таасирдүү тартылганын жана балдар үчүн тарбиясы маанилүү экенин айтса,  мугалим  Нургүл Асанбекова  мындай тасмалар дайыма   көрсөтүлуп турса окуучуларды  жашоону сүйүүгө, кыйынчылыктардан коркпой  алдыга умтула билүүгө аз да болсо үйрөтөт эле. Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын  жашоого, бири-бирине жасаган мамилелери  абдан таасирдүү берилиптир  дейт.  Ал эми  9-классынын окуучусу  Нурланбеков Нурбакыт:  Даректүү тасмада ойдон чыгарылбаган чыныгы турмуштагы окуялар жана эрки күчтүү үй-бүлөнүн турмушу чагылдырылыптыр. Мага абдан жакты. Дмитрийдин жашоодогу жамандыкты көргөнчө, көрбөй жүрө бергеним жакшы” деген сөзү мени ойлондурду” дейт. Азамат Шершендин бул тасмасы “Бир дүйнө-Кыргызстан-2017”  эл аралык  фестивалында  “Көрүүчүлөрдүн арзуусуна”  татыктуу болгон. Ал эми «Болуш»  тасмасындагы кичинекей, таланттуу кыз Фари, ошондой эле жер кепеде жашаган Габинин карызды төлөө үчүн  эч кимге айтпай мектепти таштап кеткени өтө аянычтуу баяндалган.

Эскерте кетсек;  Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин жыйындар залында  15-мартта   ата-энелерге, 16-мартта  окуучулардын өтүнүчү  менен   башка дагы бир топ даректүү тасмалар көрсөтүлөт. Каалоочуларга эшик ачык.

Даярдаган:  Г.Мамытбекова