Ак-Талаа районундагы Ак-Тал блокпостунда элдин коопсуздугун камсыздоо максатында тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү кезек менен нөөмөткө турушат. Айрымдары эки, айрымдары 5 күнгө чейин күн-түн дебей ошол жерде иш үстүндө болушат. Ар кайсы тараптан жол жүрүп келаткан жарандарды текшерүүдөн өткөрүшөт. Зарыл учур болсо ошол эле жерден анализ алынат.



Кээде бир канча чакырым аралыктан эле райондун атуулдарын коштоо менен алып да келишет. «Ал эми нөөмөттөн соң үйгө барганда 2-3 күн көрбөй калган балдарың алдыңан апалап, аталап тосуп чыгат. Кооптонуп дароо эле кучактай албайбыз. Санитардык эрежелерди сактап, кийимдерди алмаштырып, өзүбүздү дагы кайра-кайра дезинфекциялап, анан үйгө киребиз. Кызматыбыз жооптуу»дейт дарыгер Гулнара Кемелова.

Ал эми Ак-Талаа райондук ветеринардык жана фитосанитардык башкармалыктын адиси Мирбек Токтобаев: Бул жерде ар бир тармактын адиси өзүнө тиешелүү ишти так, жоопкерчиликтүү аткарууга аракет кылып жатабыз. Бир райондун элинин коопсуздугу биздин мойнубузда. Бул оорудан сактануу үчүн ынтымак жана карантиндин эрежелерин туура сактоо зарыл» деп белгиледи.
Барчын Мамытбекова