“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Карантин бүткөндө кездешебиз деп коркутушат

4 Май 2020 жыл 13:06
Көрүүлөрдүн саны: 119

Ак-Талаа районунда өлкөдөгү өзгөчө кырдаалга байланыштуу коюлган Ак-Тал блокпостунда элдин коопсуздугу үчүн тиешелүү кызматтар күн-түн иштеп жатышат.

«Бирок посттон жарандарды текшерүү учурунда карантин бүткөндөн кийин дагы жолугабыз, акталаалык элесиңерби деп ар кандай сөз айтып, коркуткандар дагы болууда».

Блокпосттогу кызматтар күнү-түнү ары-бери каттаган унааларды, жүргүнчүлөрдү жана сыртка кетип же келип жаткан эт азыктарын, тамак-аш азыктарын, мал жандыктарды текшерүүдөн өткөрүшөт.

Ал эми сырттан райондун аймагына келе жаткан унаа болсо сөзсуз дезинфекциялашат. Бир күндө болжол менен райондун аймагына 80 ге жакын жарандар кирип чыгышат.

Ак-Талаа райондук ветеринардык жана фитосанитардык башкармалыгынын башчысынын орун басары Талант Токтогожоев:

«Азыр эми райондун аймагында каттоосу бар жарандарды текшерүүдөн өткөрүп, киргизип жатабыз. Айрым учурда вирус чыккан аймактан келе жаткан же каттоосу жок жарандарды өткөрбөй коюуда көп пикир келишпестиктер жаралууда. Алар түз эле коркуткан учурлар да кездешүүдө. Биз өз милдетибизди аткарабыз жана жергиликтүү бийликтин буйруктарына баш иебиз»,- дейт. Ал эми кээде Ак-Талаа районуна келе жаткан кыздардын өздөрү өтүп, күйөөлөрү кайтып кеткен учурлар дага бар деп кошумчалады.

Барчын Мамытбекова