Жерге-Тал айыл өкмөтүндөгү «Жерге-Тал -Нур» жамааттык тобунун лидерлери өзгөчө кырдаалда жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жардам беришти.

Тактап айтканда айылдагы кары адамдардын, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жана көп балалуу жарандардын үй-бүлөлөрүнө санитардык гигиенаны сактоо үчүн зарыл болгон тиричилик каражаттары самын 100 даана, балдар үчүн самын 100 даана, чоңдор жана балдар үчүн 160 даана памперстер, балдар үчүн кошумча сүт азыктары, кир жуугуч порошоктор жана 200 даана беткаптарды таратышты.


Ошондой эле Чолок-Кайын айылындагы №3 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна, аймактык оорукананын соматика бөлүмүнө, Жерге-Тал айылындагы ФАПка, жарандык коргонуу штабына антисептик, желим колкап, беткап, самын ж.б каражаттарын беришти.

Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Гүлмайрам Үчүгөнованын айтымында аталган айыл өкмөт БУУнун «Элеттик аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбору менен иштешип жаткандыктан юридикалык макамы бар жамааттык топ түзүшүп, ар кандай иштерди жүргүзүп келишүүдө.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова