“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Атамдын ар бир сөзү нуска эле…

8 Май 2020 жыл 8:30
Көрүүлөрдүн саны: 183

Сулайман Шералиев Улуу Ата Мекендик согушка күлгүндөй 18 жаш курагында аттанган.

Сулайман Шералиев
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Сулайман Шералиев 1925-жылы Ак-Талаа районундагы Кош-Дөбө айылында туулган. 7-классты аяктагандан кийин комсомолдун катарына өткөн. 1943-жылы аскерге чакырылып, кандуу майданда жарадар болгон.

Согуштан келгенден кийин 1944-1950-ж.ж. айылдык советтин секретары, 1951-жылдан башкарманын орун басары болуп эмгектенген. Андан кийин колхоздун жолдомосу менен Канттагы айыл чарба кадрларын даярдоо мектебинде 3 жыл окуп келип, ошол кездеги Ленин колхозунда башкарма болуп иштеген.

Сулайман Шералиев
чарбада бирге иштеген кесиптештери менен
Сулайман Шералиев айыл активдери менен
үстүңкү катарда солдон онго алтынчы

Артта калган чарбаны алдыңкы чарбанын катарына кошуу аракети мыкты натыйжа берип, «Ардак белгиси» ордени менен сыйланган. Сулайман ата ардактуу эс алууга чыкканга чейин чарбалык бир катар жооптуу кызматтарда иштеген жана көптөгөн орден-медалдардын ээси болгон.

Сулайман ата байбичеси Токтобу Асанбаева, кыздары жана неберелери менен
Сулайман Шералиев
неберелери менен
Сулайман Шералиев
куралдашы жана айылдашы менен
Сулайман Шералиев Улуу Жеңиш күнүнө карата салтанатта сөз сүйлөөдө

Ал эми колхоз тарагандан кийин 1990-жылы «Белек» дыйкан чарбасын уюштурган.

Жубайы Токтобү Асанбаева менен
Сулайман Шералиев атасы
Шералы ата менен

Жубайы Токтобү Асанбаева менен бирге түтүн булатып, уул-кыздарына татыктуу тарбия, билим беришкен. Адамкерчилиги, берешендиги менен эли-журтуна кадырлуу Сулайман ата 2009-жылы 88 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Кызы Акмөөр Шералиеванын айтымында атасы нускалуу кеп айткан. Китептерди абдан көп окуган адам болгон. «Колу ачык, берешен бол, колунда жокторго карамдуу бол» деген сөздү дайыма айтчу. «Манас» эпосунун үч томдугун тең окуп, биз уктаганча айтып берер эле деп эскерет кызы Акмөөр эже. «Эч ким, эч нерсе унутлбайт!»

Даярдаган: Барчын Мамытбекова