Учурда өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык окуу жылы 30-майда аяктайт. Ал эми бүтүрүүчү класстар үчүн «Акыркы конгуроо»салтанатын онлайн өткөрүү жагы каралууда.

Ак-Талаа райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Каныбек Эсеналиевдин айтымында райондун аймагында бүтүрүүчүлөргө арналган салтанат жана 10 жылдык, 20 жылдык бутүрүүчүлөрдун кечелери өткөрулбөйт. Окуучуларды онлайн куттуктоо даярдыктар көрүлүүдө. Ошондой эле мектеп жетекчилери, окуу бөлумүнүн башчылары жана социалдык педагогдор менен онлайн кеңешмелерди өткөрүп, окуу жылын коопсуз, ийгиликтүү бүткөрү тууралуу кеңешмелер өтүлүүдө.

«Быйылкы окуу жылында район боюнча 11-классты 455 окуучу аяктап жатса, мунун ичинен 41 окуучу артыкчлык аттестатка, 21 окуучу «Кызыл аттестатка» талапкерлер. Ал эми 9-классты 626 окуучу бүтүп жатат. Бүтүрүүчүлөргө байланыштуу бардык иш-чараларды, тактап айтканда жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациядан өткөрүү, жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо боюнча жана окуучулардын ар кандай кырсыктардан тышкары болуусу үчүн тапшырмалар берилди»,- дейт К.Эсеналиев.
Барчын Мамытбекова