“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жер-жемиштин уруктары берилди

14 Май 2020 жыл 22:39
Көрүүлөрдүн саны: 151

Учурдагы өзгөчө кырдаалга байланыштуу Ак-Талаа районунда социалдык жактан жардамга муктаж. 200 үй-бүлөгө  7 түрдүү жер-жемиштердин уруктары бекер таратылды.

         

Ак-Талаа райондук мамлекеттик админстрациясынын адиси Бакыт Итигуловдун айтымында бул иш-аракет  «ФАООН» долбооруна ылайык   «Ак-Талаа районунун климаттын өзгөртүүсүнө ыңгайлашуу»  иш-чарасынын алкагында  ADI  «Өнүктүрүү демилгелеринин агенттиги» коомдук фонду тарабынан жасалды.

         

Аталган уюм учурдагы кырдаалга байланыштуу  дыйканчылыкты колдоо максатында райондогу 8 айылдын ар биринен 25тен үй-бүлөгө капуста, бадыраң, болгар калемпири жана сабиз жашылчаларынын  үчтөн түрү акысыз берилди.

 

Барчын Мамытбекова