“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Алиппе майрамы онлайн форматта өттү

26 Май 2020 жыл 18:46
Көрүүлөрдүн саны: 194

Кыргызстандагы өзгөчө кырдаалга байланыштуу билим берүү мекемелериндеги бир топ иш-чаралар аралыктан өткөрүлүп жатат. Ошондой иш-чаралардын бири-Алиппе майрамы. Ак-Талаа районундагы М.Баетов атындагы орто мектебинде 1-класстын окуучулары Алиппе китеби менен коштошту.

Окуучуларга тамга ырларын ата-энелер үйдө жаттатып, андан соң класстык группага видео түрүндө жөнөтүлгөн. Мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Акималиеванын айтымында быйылкы окуу жылында 1-классты 31 окуучу аяктап жатат. Ал эми Алиппе майрамын ата-энелердин көмөгү менен аралыктан өткөрүүгө туура келген.
Ал эми Сьезд Жакыпова ата-энелер үйдөн колунан келишинче мугалим эжеси берген ырларды жаттатып, даярдалган формаларды кийгизип, бир аз болсо да балдар үчүн майрамдык маанай түзүүгө аракет кылгандарын айтат.

 

 

Барчын Мамытбекова