Китептин адам баласынын өсүп-өнүгүшүнө тийгизген таасири абдан чон. Ал маалыматтын жана маданияттын эбегейсиз зор казынасы болуп саналат. Адамзат коомунун өнүгүшүнө, анын ар тараптуу билим алуусуна китепкана жардамга келет.
Анткени элдин өткөнү жана келечеги тууралуу дээрлик бардык мааылматтар китепканаларда, китептерде гана сакталат.
Ак-Талаа районунда китепкана 1945-жылы түзүлүп, 1998-жылы маалыматтык маалыматтык китепкана тармагына өткөн. 2008-жылы мамлекетик ишмер Нуркул Кулназаровдун ысымы берилген. Учурда балдар бөлүмү жана 17 айылдык китепкана карайт жана отузга жакын китепканачылар эмгектенишет.

Китепкана жетекчиси Гулжаз Сулайманова: «Кыргызстандын тарыхында орду бар коомдук ишмерлер, тарыхый инсандар, акын-жазуучулар жана белгилүү даталарга байланыштуу дайыма иш-чараларды, көргөзмөлөрдү уюштуруп турабыз. Ал эми быйлкы санариптештирүү жылына карата китеп көргөзмөлөрүн уюштурдук» дейт. Ал эми окурмандар үчүн мезгил мезгили менен китепканада экскурциялар уюштурулуп турат. Китепкана-бул китеп сакталуучу жай эмес, ал адамга руханий күл азык берүүчү акыл казына, маданий борбор болуп саналат деген Гүлжаз Сулайманова карантин учурунда окурмандарга аудиокитептер, видео жүгүртмөлөр сунушталды дейт. Ошондой эле жыл өткөн сайын китеп сүйүүчүлөр, айрыкча жаш окурмандар көбөйүп жатканын кошумчалады.
Барчын Мамытбекова