“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Максатым «Алтын сертификат» болчу

4 Июль 2023 жыл 14:14
Көрүүлөрдүн саны: 143

Даван Бексултанов Ак-Талаа районундагы Сүйүнбек Атамбеков атындагы орто мектептин бүтүрүүчүсү, кыргыз тили жана адабияты сабагы боюнча облустук, республикалык олимпиадалардын жеңүүчүсү болгон алдыңкы окуучусу. Ал быйыл Жалпы республикалык тестирлөөдөн 200 упай алып, район боюнча жогорку көрсөткүч берген. Бирок ал өзүнөн мындан дагы жогорку ийгилик күткөнүн айтты.

«Алтын сертификатка» даярдангам


“Албетте буга дагы шүгүр. Бирок мен Алтын сертификат” алуу үчүн даярдангам, райондун алды болуу максатым бар эле. Эгер чынын айтсам мен үчүн 200 упай аз, аябай деле кубанган жокмун. Башкаларды билбейм, бирок мен талбай эмгек кылдым, төрт жыл окудум. Бул учурда ата-энем, мугалимдерим туура түшүнүү менен болгон шартты түзүп беришти. Мени көпчүлүк быйылкы республикалык олимпиаданын жыйынтыгы менен тааныды. Буга чейин деле катышып, бирок райондук турдан өтпөй калчумун, мектеп үчүн ийгилик жарата албай келгем. Ата-энем, мугалимдерим абдан кубанышты, бардыгы куттуктап жатышат”,- дейт.

Давандын ата-энеси: солдо атасы Адыл Көчөрбаев жана апасы Мейизгүл(солдо үчүнчү)

Азырынча кайсы кесиптин ээси болорун аныктай элек, ата-энем менен кеңешип бирге чечебиз деген Даван мектепте коомдук иштерге жигердүү катышып, математика, кыргыз тили жана адабияты, Кыргызстан тарыхы сабактарын жакшы көрүп окуган.


“Бардык ийгиликке жетүү үчүн көп аракет керек экен. Менин ийгилигимде ата-энем, мугалимдердин салымы абдан чоң, качан болбосун мага дем күч берип, шыктандырып турушту, алар менин ийгиликке жетериме дайыма ишенишчү. Ошондой эле классташтарымдын дагы өз орду бар. Анткени алар абдан күчтүү болчу, мыкты окушчу, атаандашып окудум” деди.
Давандын ата-энеси экөө тең мектепте кыргыз тили жана адабияты сабагы боюнча мугалим болуп эмгектенишет. Төрт бир туугандын улуусу, бош убактыларын китеп окуу менен өткөрөт. Өзүнүн айтымында телевизор, телефон дегендерге аябай деле кызыкпайт. Келечекте тандаган кесибимдин мыкты адиси болуп, эл-жериме кызмат кылам деген тилегин билдирди.

С.Атамбеков мектеби үчүнчү ирет унааны утуп алды

Быйыл дагы ЖКтин депутаты Мурадил Сыдыковдун демөөрчүүлүгү менен байгеге коюлган унаа Давандын ийгилиги менен үчүнчү ирет Кадыралы айылындагы С.Атамбеков атындагы орто мектебине буйруду.

Барчын Мамытбекова