Ак-Талаа районундагы Нуркул Кулназаров атындагы маалыматтык китепкана тармагынын балдар бөлүмү балдар үчүн ачык асман алдында “Жомоктор үйү” жайкы лагерин уюштурган. Анда бала бакча жашынан тартып мектеп окуучуларына чейин келип, эки саат китеп окуп, сүрөт тартып, түстүү кагаздардан ар кандай кооздуктарды жасашат. Ошондой эле китепкана кызматкерлери, ата-энелердин катышуусунда көңүл ачуучу программалар менен бирге кандай улуттук оюндар ойнотулат, балдарга китеп окуп беришет.

Китеп окушуп, кагаздан түрдүү оюнчуктарды жасашты


Китепканачылар балдарга китеп окуп беришти

Жайкы лагерде балдар сурөт тартышты

Маалыматтык китепкана тармагынын директору Гүлжаз Сулайманова бул жайкы лагерь үй-бүлө институтун бекемдөө, сөз өнөрүн аздектоо, улуттук баалуулуктарды сактоо, мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында уюштурулуп жатат.
З.Бейшеналиева