Баетов айылындагы «Жаш-Тилек» балдар бакчасында тарбиялануучулар ата-энелери менен бирге убакыт өткөрүштү. Алар ден-соолукту чыңдоо максатында балдары менен чогуу спорттук оюндарды өткөрүшүп, чана тээп, аркан тартышты. Ата-энелердин эки командасы катышып, жигердүу оюн көрсөтүштү.

Бала бакчанын жетекчиси Асел Токтобекова «Бала бакчада балдарга кечке эле сабактарды өтө бербестен, ар кандай иш-чараларды өткөрөбүз. Ата-энелер менен мындай спорттук оюндарды да дайыма уюштурабыз. Бул биринчиден бала бакча менен ата-эненин ортосундагы байланышты чындайт. Ошол эле учурда ата-энелер балдарынын бакчадагы убактылары кандай өтүп жатканынан да кабардар болушат» дейт.
Даярдаган: Наргиза Ырысбекова