Ак-Талаа районундагы Орозбек Көккөзов атындагы ооруканага адамды операция кыларда денесин өзү кесип, артынан автоматтык түрдө күйгүзүп турчу (электрокагулятор) медициналык жабдыктар алынды.

Аталган оорукананын хирургия бөлүмүнуүн башчысы Доктурбек Бектуров: «Республикалык бюджеттен 415 миң сомго электрокагулятор, 435 миң сомго операциялык лампа жана электроотсос алынды. Операциялык жадбыктар аз да болсо жаңырып, ишибизге бир аз жеңилдик болду. Буга чейин мындай өзу кескен жабдык жок, операцияда медициналык бычактарды колдонуп келгенбиз» дейт.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова